24.kg
09:12, 06 марта 2018, 24.kg

«Ош» базарынан дагы өрт чыкты

«Ош» базарынан дагы өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Кечээ 21.10 базардагы соода жайы күйүп баштаган. Алдын-ала билдирүүлөр боюнча миң чарчы метр аянт күйдү. Тилсиз жоо базардын Киев жана Бейшенилиева көчөлөрү тарабынан чыккан.

Бир саат ичинде өрт өчүрүлүп, азыр себеби такталууда.

Эскерте кетсек, буга чейин дагы базардын «Сейтек» соода жайында өрт чыккан. Бул боюнча түзүлгөн комиссия 74 ишкер чыгымга учураганын аныктап, азыр жардам берүү жолдору чечилүүдө. Андагы тилсиз жоонун себеби дагы эле белгисиз.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18