13:36, 05 марта 2018, 24.kg

Ош базарындагы өрттө канча ишкер жабырканы белгилүү

Ош базарындагы өрттө жабыркаган ишкерлердин чыгымдары аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Алгач 150 ишкерден арыз түшкөн. Алардын 135 «Сейтек» базарындагы, 15и «Берекет плюс» соода борборундагы орду күйүп кеткенин айтышкан. Бирок, «Сейтектин» жетекчилиги 96 ишкер гана жабыркаганын маалымдашты.

Салык кызматынын текшерүүсүнөн кийин 74 ишкердин гана салык жана социалдык фондго акча которуп жүргөндүгү ырасталды.

74 ишкердин 32и банктан насыя алышкан. Алардын насыяларын кайра карап чыгып сунушталды. Ишкерлердин жалпы чыгымы — 16 миллион 984 миң 306 сом.

Photo 61792

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18