10:20, 05 марта 2018, 24.kg

Рита Карасартова: Президенттин cөзүн колдоп митингге чыктык

Жогорку Соттун алдында митинг өтүп жатат. Анын уюштуруучуларынын бири укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, митинг президент Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы күрөшүн колдоого багытталган.

«Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында жемкорлук менен күрөшүүгө эрки жетерин айтты. Биз аны колдоп «жемкорлуктан тажадык» деп айтабыз. Президенттин сөздөрү ишке ашышын каалайбыз» — деди Рита Карасартова.

Укук коргоочу, жемкорлукка баткан, саясый буйрутманы аткарган, акыйкатсыз чечимдерди чыгарган соттордун тизмеси түзүлүп аларды кайра сот тутумуна дайындабоо сунушу менен өлкө башчысына жөнөтүлөрү айтылды.

Бүгүн соттордун кесиптик майрамы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18