13:06, 02 марта 2018, 24.kg

Калктын психикалык саламаттыгын сактоо программасы бекитилди

Кыргызстан калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата өкмөттүн программасы бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Аталган чечим «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды. Программанын максаты — психикалык саламаттыкты чыңдоо, психикалык жактан жабыркоону болтурбоо, жеткиликтүү медициналык жардамды камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо боюнча ылдам, комплекстүү кызматтарды көрсөтүү системасын өнүктүрүү, адам укугун сактоо, психикасы бузулган адамдардын айыгып кетүүсүн тездетүү, ооруга чалдыгуусун жана майып болушун төмөндөтүү болуп саналат.

Андан тышкары программаны ишке ашыруу боюнча беш жылдык мөөнөткө 35 иш чарадан турган баштапкы план бекитилди.

Белгилей кетсек, психикалык саламаттыкты сактоо боюнча программаны иштеп чыгуу менен тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун жана өлкөнүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик жумушчу топ иш алып барды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18