12:51, 02 марта 2018, 24.kg

АКШ соту Замира Сыдыкованын уулун тергөө аяктаганча бошотуу чечимин чыгарды

АКШ соту Чечня курал-жарактарды аткезчилик жол менен ташуу боюнча шектелип кармалган Тенгиз Сыдыковду тергөө аяктаганча бошотуу чечимин чыгарды. Чечим бүгүн Вирджиния штатынын Александрия шаарындагы ишти караган сот тарабынан кабыл алынды.

Ал эми Тенгиз Сыдыков менен бирге кармалган Казакстан жараны Эльдар Резванов камакта калтырылган.

Эскерте кетсек, 28 жаштагы Теңгиз Сыдыковго жана 27 жаштагы Эльдар Резвановго ок атуучу куралдарды аткезчилик жол аркылуу эл аралык деңгээлде сатуу жана башка укук бузуулар менен алектенген деген айып тагылып, 27-февралда кармалган.

Тенгиз Сыдыков белгилүү журналист Замир Сыдыкованын уулу. Апасы уулунун курал-жарак аткезчилигине тиешеси жоктугун айтат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18