12:50, 02 марта 2018, 24.kg

Аял ойго батып бара жатып жол кырсыгына кабылды

34 жаштагы Бишкектин тургунун теполвоз сүзүп кеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

28-февраль күнү болжол менен саат 09:10 чамасында "Аламүдүн-Бишкек2"станциясынын 3782 чакырымында аял кишини тепловоз сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат милиция кызматына келип түшкөн.

Кырсык Алматы жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен катталган. Аял ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилип, өздүгү такталган.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тепловоздун кызматкерлери суракка алынган.

Жабырлануучунун айтымында, ал ойлонуп кетип, тепловоздун келе жатканын байкаган калган.


Азыркы учурда окуянын кандай болгондугу тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18