09:01, 02 марта 2018, 24.kg

Түркмөн президенти 8-мартта өлкөдөгү аялдарга 11 доллардан белек берет

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атынан Эл аралык аялдар күнүнө карата өлкө айымдарына быйыл 40 манаттан (11,4 АКШ доллары) акчалай белек берилет. Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы 28-февралда кол койгон.

Түркмөнстандын расмий басылмалары кабарлагандай, акчалай сыйлык мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерге, пенсия жана жөлөк пул алгандарга, аспирантура, докторантура, ординатурада окугандарга, студент, мектеп окуучуларына жана бала бакчага баргандарга берилет.

Президенттин атынан 40 манаттык сыйлыкты Түркмөнстан айымдары жыл сайын алышат. Белек тапшыруу аземи салттуу түрдө мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлөт.

8-март — Аялдардын эл аралык майрамы өлкөдө 2008-жылы президент Гурбангулы Бердымухамедов тарабынан калыбына келген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18