17:23, 01 марта 2018, 24.kg

Өзбекстан жашылча-жемиштин экспортун эки эсеге жогорулатат

Өзбекстан быйыл жашылча-жемиштин экспортун эки эсеге көбөйтүүнү пландоодо. Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, тармактык мекемелерге мындай тапшырманы президент Шавкат Мирзиёев берди.

Былтыр Өзбекстан чет өлкөлөргө 700 миллион долларлык мөмө-жемиш жөнөтүп, экспорттун көлөмүн 15,6% жогорулаткан. Быйыл республика 1,4 миллион долларлык продукция сатууну пландоодо.

Бул үчүн күзүндө пияз, сарымсак айдап, майда аны жыйнап алуу жагы белгиленди.

Пахта жана буудайдан бошотулган 150 миң гектар аянтка кирешеси жогору жемиштер өстүрүлөт. Ошондой эле заманбап күнөскана, кампа жана кайра иштетүүчү ишканаларды уюштуруу пландалууда.

Президент мындан тышкары товарларды ташуу, экспорттоо жана сактоо боюнча логистикалык борборлорду түзүү боюнча «жол картаны» бекитүүнү тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18