15:38, 01 марта 2018, 24.kg

Бишкектин тургуну мас абалында кошунасын өлтүрдү

28-февраль күнү кечинде Интергельпо көчөсүнөн 65 жаштагы аял киши колдуу болуп өлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кошуналар спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишкен. Анын кесепетинен улам жаран кошунасын мууздап салган.

Окуя катталган жерге барган укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Каза болгон жаран 1953-жылы туулган Ы.Э. аттуу аял экендиги аныкталган. Аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18