13:08, 01 марта 2018, 24.kg

Кыргызстанда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун саны 5 эсеге өстү

Кыргызстанда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун ар бир бешинчиси аял. Бул тууралуу БУУнын маңзаттар жана кылмыштуулук башкармалыгы билдирди.

Аны менен катар терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондордун саны 5,3 эсеге көбөйгөн. Жабык режимдеги абактарда отургандардын саны 3 эсеге көбөйгөн. Эгерде 2010-жылы кылмыштын бул түрү менен колонияда жаза өтөгөндөрдүн саны 62 болсо, 2017-жылы 191 кишиге жеткен. Алардын ичинен 14 адам өмүр бою эркинен ажыратылса, дагы 10 киши 40 жылган, калганы 20 жылга кесилген.

2017-жылы экстремизм жана терроризм боюнча 422 адам соттолгон. 2010-жылы 79. Соттолгондордун көбү 31-45 жаш курагындагылар (48,7 пайыз).

«Алардын ичинен 45,3 пайызы жабык режимдеги абактарда кармалууда. 46,6 пайызы биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар» — деп жазылат отчётто.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18