17:52, 28 февраля 2018, 24.kg

Меккеге зыяратка барууга 6 миң 895 киши катталды

2018-жылдагы ажылыкка талапкерлерди серверге каттоо иши бүгүн токтотулду. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Ажылыкка барууга 6 миң 895 талапкер катталды. Белгилей кетсек, ажылыкка быйыл 5 миң 315 киши барат. Квотадан ашкан талапкерлер 2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн аймактык кезекке турушмакчы.

Муфтияттын маалыматында, Баткен облусунан — 628, Ош облусунан −2 миң 548, Ош шаарынан −782, Жалал-Абад облусунган — 1 миң 313, Чүй облусунан — 965, Бишкек шаарынан — 447, Талас облусунан — 94, Нарын облусунан — 45 жана Ысык-Көл облусу — 73 киши катталды.

Ажылык август айына туш келет. Зыяратчыларды июль айында жөнөтүлөт. Быйыл ажылыктын баасы дагы кымбаттайт. Бул боюнча азырынча муфтият так маалымат бере элек. Өткөн жылы 2 миң 760 долларга барып келишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18