15:31, 28 февраля 2018, 24.kg

Ош шаарында дагы 14 светофор орнотулат

2018-жылдын январь айында Ош шаарынын аймагында 28 жол-унаа кырсыгы катталды. Анда 38 адам жаракат алды (бул өткөн жылга салыштырмалуу 14гө көп). Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын бүгүнкү жыйынында айтылды.

Анда маалым болгондой, жол коопсуздугун бекемдөө үчүн «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу алкагында жол кыймылынын эрежелерини (ЖКЭни) фото жана видефиксациялоо системасын, светофорлорду орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 10 миллион сом акча каражаты бөлүндү.

Ага шаарда 14 светофор, 48 жол чырактары орнотулат.

Андан тышкары, шаар бийлиги «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында кааланын 58 кесилишинде, 7 эл жыш жайгашкан коомдук жайларга, 6 жол айлампаларына жана 3 кооптуу жерлерге видеобайкоо жана 1500 даана видеокамера орнотуу пландалганын билдирет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18