14:03, 28 февраля 2018, 24.kg

Түркияда Кыргызстандын жараны 25 жылга эркинен ажыратылды

Түркияда Ханзада Б. аттуу Кыргызстан жараны адам өлтүрүү боюнча айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу haberturk.com. порталы жазып чыкты.

Конья шаарынын соту 24 жаштагы Муаммера Б. аттуу Түркия жаранынын өлүмү боюнча кыргызстандык аял Ханзада Б.ны күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле аталган кылмышка катыштыгы бар деп айыпталып жаткан Хусейн Ш. 12 жылга эркинен ажыратылган.

Акыркы сөзүндө аял күнөөсүн толук мойнуна алып, кылгандары үчүн өкүнүп жаткандыгын билдирген.

Эскерте кетсек, кырсык 2016-жылдын августунда Конья шаарында катталган. 24 жаштагы адамдын жансыз денеси батиринде табылган. Анын өлүмүнө шектүү катары жарандык никеде жашаган аялы Ханзада Б. кармалган. Ал күйөөсүн уруштан кийин жоолук менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң кылмыштын изин жашыруу үчүн таанышы Хусейн Ш. аттуу жарандан жардам сураган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18