13:36, 28 февраля 2018, 24.kg

Өзгөндө мечитте эки адам бычакташып кетти

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Красный Маяк алынын мечитинен мурдагы имам бычакталды. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Учурда милиция мурдагы имамдын бычакталышына байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, намазга келген 40 жана 64 жаштагы эки киши мушташа кетип, 64 жаштагы жаран экинчи адамга бычак урган.

Чатак "зекетке чогулган каражатты жеп койдуң", - деген айыптоолордон улам келип чыккан. Ош облустук казыятынын маалыматына караганда, чатакташкандардын бири мурда абакка отуруп чыккан. Учурда жабырлануучу облустук ооруканада дарыланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18