09:09, 28 февраля 2018, 24.kg

Жаңы оорукананын кызматкерлеринин айлык акысына Түркия 19 миллион доллар бөлөт

Саламаттыкты сактоо министрлиги Түркия менен Бишкек шаарында курулган оорукана боюнча кол коюлган келишимди таркатты. Белгилей кетсек, 26-февралда парламенттин депутаты Аида Исмаилова келишим жоголуп кеткенин жарыялады.

2016-жылдын 1-апрелинде түзүлгөн келишимде Түркия тарап курулуштун баардык чыгымдарын мойнуна алары айтылат. Анда тышкары оорукананын жабдуулар менен камсыздап, ишке кирер алдында Бишкектин муниципалдык менчигине өткөрүп берери белгиленет.

Мэрия имаратты жылуулук, жарык жана башка түйүндөргө кошуп, Саламаттыкты сактоо министрлигине бекер колдонууга берет.

«Оорукананы эки тарап чогуу колдонушат. Келишимде Түркиянын карамагынан өткөрүп алуу мөөнөтү жазылган эмес. Азыр эки өлкө чогуу башкаруу боюнча келишим даярдап жатышат. Анда үч жыл чогуу иштешип, кийин Түркия тарап көзөмөл жүргүзөрү жазылды», — дейт Саламаттык сактоо министрлиги.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18