08:46, 28 февраля 2018, 24.kg

Тасмаларга порнографиялык сценаларды киргизүүгө тыюу салынды

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз кинематографиясын мамлекеттик колдоого байланышкан мыйзамга кол койду. Ага ылайык, фильмдин продюсеринин милдеттери жана жоопкерчилиги сыңары бир катар маселелер такталган.

Ошондой эле бул мыйзамга ылайык тасманын концепциясы конституциялык түзүлүштү күч менен ɵзгɵртүүгɵ, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкка үгүттɵбөшү керек. Мындан тышкары, фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 2018-жылдын 10-январында кабыл алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18