17:36, 27 февраля 2018, 24.kg

Ысык-Көлдө эки күндө 17 айдоочу мас абалында кармалды

23-февралдан 25-февралга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу, жол коопсуздугун сактоо багытында иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларды аныкташып, алардын ичинен жол кыймылынын эрежелерин бузган 110 факты катталды. Ал эми мас абалында унааларын башкарган 17 айдоочуга карата административдик протоколдор түзүлүп, 27 унаа атайын жайга токтотулду.

Ошондой эле, майрам жана эс алуу күндөрү кызматтык унааларды кажети жок колдонуп жол эрежесин бузган айдоочуларга Административдик кодекстин негизинде чаралар көрүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18