17:07, 27 февраля 2018, 24.kg

Даараткана чыры. Оштогу санэпидборбордун санитаркасы жана завхозу сөгүш алды

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дааратканасынын сүрөтү интернетке жарыялангандан кийин мекеменин завхозу жана санитаркасы сөгүш алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дааратканасы эки бөлүктөн турат. Бири кызматкерлер үчүн болсо, экинчиси келгендер үчүн. Учурда даараткананын бир бөлүгү жабылып, ремонт иштери жүрүп жатат. Бир гана бөлүгү ачык», — деп маалымдашты басма сөз кызматтан.

Эскерте кетсек, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментини дааратканасынын сүрөтү бүгүн интернетке жарыяланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18