15:14, 27 февраля 2018, 24.kg

Хюрремдин образын жараткан актриса Мерьем Узерли жакында Кыргызстанга келет

Түрктөрдүн белгилүү «Даңазалуу доор» сериалынын баш каарманы Хюрремдин образын жараткан таланттуу актриса Мерьем Узерли жакында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу шоумен Ислам Сатаров билдирди.

Анын айтымында, актрисанын Кыргызстанга келээри анык. Бирок, азырынча датасы так белгилене элек.

«Биз Мерьем Узерлинин менеджери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Жолугушууда Мерьем өз күйөрмандарына чыгармачылыгы жана кинодогу жетишкендиктери тууралуу айтып берет», — деди Сатаров.

Эскерте кетсек, актриса түрктөрдүн «Даңазалуу доор» сериалында Осмон империясынын 10-башкаруучусу болгон Султан Сулаймандын аялы Хюрремдин образын жаратып, аны чеберчилик менен аткарган. Аталган сериал актрисага атак-даңк алып келген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18