12:09, 27 февраля 2018, 24.kg

«Иштамберди» алтын кенин тоноого аракет кылгандар кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы «Иштамберди» кенин тоноого аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Алардын маалыматында, 19-февральдан 20-февральга караган түнү «Фулд-Голд майнинг» алтын кен казуучу компаниясынын «Горный» шахтасына Кызыл-Токой айылынан болжол менен 50-60 чакты тургундары автоунаалары менен келип, кен алып чыгып кетүүгө аракет кылышкан.

Аталган факты боюнча учурда Ала-Бука РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, бир топ атуулдар тергөөгө суракка алынып, автоунаалары Ала-Бука РИИБнин имаратына киргизилип тергөө иштери уланууда. Учурда ал аймак көзөмөлгө алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18