10:28, 27 февраля 2018, 24.kg

Өзбекстанда имамдын маңзат саткан жардамчысы кармалды

Өзбекстандын Сурхандарья облусунда маңзат менен кармалган адам аны жергиликтүү имамдан сатып алганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Денау шаарынын тургуну 21-февралда кармалып, жанынан 4,6 грамм марихуана табылган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал маңзатты жергиликтүү мечиттин имамынын Мелибоев А. аттуу 29 жаштагы жардамчысынан сатып алынганы аныкталган.

Мелибоев кармалгандан кийин ири баңги төбөлдүн изине түшүүгө мүмкүн болгон. Укук коргоо кызматкерлери Кендаев С. аттуу жаранды колго түшүрүп, үйүнөн 10 килограмм 7,17 грамм гашиш жана 3 килограмм 675 грамм марихуана табышкан. Учурда ыкчам тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18