10:27, 27 февраля 2018, 24.kg

Казакстанда кармалган депутаттын атасы: Уулумдун улуту жана жарандыгы да кыргыз

Казакстанда аткезчилик боюнча айыпталып кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз жана ал Караколдо туулуп-өскөн. Бул тууралуу депутаттын атасы Асылбек Супатаев жергиликтүү ЖМКга билдирди.

Анын айтымында, уулу казак жарандыгын алганы тууралуу эч кабары жок болчу.

«Уулубуз Караколдо төрөлүп, кийин 8-класстан соң Бишкекке спорт мектебине кеткен. Анын Казакстанда туулганы жана улуту казак экени тууралуу маалымат жалган», — деди Асылбек Супатаев.

Ошондой эле Супатаев уулунун ысымы Динарбек Супатаев болгонун, кийин аты-жөнүн өзгөрткөнүн да ырастады.

Эскерте кетсек, 15-февралда Казакстанда кармалып, аткезчилик айыбы менен эки айга камалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун коңшу өлкөнүн жараны экендиги аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18