16:30, 26 февраля 2018, 24.kg

Бектур Асанов тергөө абагына которулду

Саясатчы Бектур Асанов тергөө абагына которулду. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети менен соттолгондор УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылып, 20 күндөн ашык кармаган ачкачылыкты токтотуп, жаза өтөө жайларына которулуп баштады.

Кубанычбек Кадыров № 27 абакка жеткирилди. Эрнист Карыбеков менен Бектур Асанов азырынча тергөө абагында.

Эскерте кетсек, «Эл үнү» коомдук уюмунун мүчөлөрү мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы менен кармалган. Алардын ичинен Дастан Сарыгулов сот залынан бошотулуп, Эрнест Карыбеков 20 жылга, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылга эркинен ажыратылган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18