13:43, 26 февраля 2018, 24.kg

Бир тонна бешбармак Ала-Тоо аянтында жасалбайт

Гиннес китебине киргизүү үчүн жасалып жаткан бир тонна бешбармак Ала-Тоо аянтында эмес, «Аю грант комфорт» маркетинин короосунда бышырылат. Бул тууралуу уюштуруу тобу билдирет.

Иш-чара 11-мартка белгиленди. Уюштуруучулардын маалыматында, чоң казан даярдалды, жергиликтүү ун азыктарын чыгаруучу ишкана бешбармактын камырын колдо жайып берет. Бештей жылкы союулары айтылууда. 

Бешбармактан сырткары, 100 метрлик чучук дагы даярдалат.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстанда ири өлчөмдөгү бешбармак бышырылган. Бирок, анын көлөмү бир тоннага жеткен эмес.

Өзбекстанда Ноорузга карата 5 тонна сүмөлөк бышырууга камынып жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18