09:44, 26 февраля 2018, 24.kg

Формальдегид табылган Кыргызстанда тигилген балдар кийимдери кайра текшерилет

Кыргызстанда тигилген балдардын кийимдери кайрадан текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, Казакстандын атайын кызматтары формальдегид тапкан Кыргызстандан барган балдардын кийимдерин текшерип чыгышат.

Эпидемологиялык жана санитардык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаковдун билдирүүсүндө, формальдегид кездемеге калыбын сактоо үчүн кошулат.

«Алгач ал кийимди экспорттогон ишкананы табыш керек. Кыргызстандын тигүүчүлөрү четтен келген кездемелерди колдонушат эмеспи. Себептери ар кандай болушу мүмкүн» — дейт Төлө Исаков.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 2017-жылы 95 жолу кийим кечектер формальдегид, бензолго текшерилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18