09:19, 26 февраля 2018, 24.kg

Орусияда жүк ташуучу унаадан үч казак жаранынын сөөгү табылды

РБК медиакомпаниясы Москва алдындагы Чехов районунда жук ташуучу унаадан үч кишинин сөөгү табылганын кабарлады. Компания Орусия ИИМинин Москва облустук башкармалыгына шилтеме жасоо менен өлгөн кишилер Казакстан жарандары экенин билдирди.

Текшерүү жүрүүдө. Баштапкы маалыматтар боюнча алар иске ууланган болушу ыктымал.

«Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянуу менен 35-40 жаштагы кишилер каза тапканын, алардын биринин аты-жөнү такталганын кабарлады. Агенттиктин маектешинин билдиришинче, жүк ташуучу унаанын салонунан газ жандыргыч жана спирт ичимдиктери табылган.

Казакстандын тышкы иштер министрлиги өлгөн жарандар тууралуу маалыматтарды тактоодо.

«Биз бул окуя тууралуу билебиз. Москвадагы казак дипломаттары жергиликтүү тергөө органдары менен байланышта. Тергөө жүрүүдө. Өлгөндөрдүн казак жарандары экенин тастыктаган маалыматтар али жок», — дейт Казакстан ТИМинин басма сөз кызматы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18