09:22, 22 февраля 2018, 24.kg

Жергиликтүү бийлик Ошто мүрзөдө жашаган аялды көчүп кетүүсүн талап кылууда

Ош облусунун Кызыл-Кыштак айылында мүрзөнүн жанында жашаган беш балалуу аялдын үйдөн көчүп кетишин талап кылышууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Гүлжахан Атажанова өзү билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөтү үйдөн чыгып кетүүсүн талап кылып жатат. Бирок, алардын башка бара турган жери жок.

«Бизди өзүң чыгып кетпесең күч менен көчүрөбүз деп айтып жатышат. Биздин эки бөлмөлүү үйдөн башка үйүбүз да, мүлкүбүз да жок. Документтерди да жоготуп алганбыз. Бул жерде 1987-жылдан бери жашайбыз. Ал атамдан калган үй» -дейт Гүлжахан Атажанова.

Беш баланын экөө өзүнүкү, үчөөн эжеси каза болгондон кийин багып алган. Чарбасында уй жана төрт тоогу бар.

«Жолдошум ичимдик ичкендиктен кууп жибергенмин. Ал эми эжемдин балдарынын атасы чет жакта иштейт. Балдарына акча деле бербейт» -дейт ал.

Гүлжахан Атажанова 2010-жылы кичүү баласын үйдө төрөгөн. Ага азырга чейин күбөлүк ала элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18