16:35, 21 февраля 2018, 24.kg

Кадамжайда үч жашар кызды сабап салган өгөй атага кылмыш иши козголду

Баткен облусунун Кадамжай районунда үч жашар кызды сабаган өгөй атага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ИИМден билдиришти.

Алардын маалыматында, 2014-жылы туулган кызды апасы ооруканага ит тиштегенин айтып алып келген. Иттин тырмагынын издеринен тышкары, наристенин денесинен башка тактар дагы аныкталган.

Текшерүүдө аял бир күн мурда кызын өгөй атасына таштап кеткендигин айткан.

«Өгөй ата кызды сабап, аны жашыруу үчүн иттин тырмактары менен аймаган. Аял азыр күйөөсүнө каршы арыз жазды. «Кыйноо» беренеси менен иш козголду» — дейт ИИМ.

Эскерте кетсек, жакында эле Ош шаарында апасы кепкир менен урган эки жашар бала каза болду. Анын апасына «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголду.

2017-жылы жаш балдарга карата 11 кылмыш жасалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18