15:37, 21 февраля 2018, 24.kg

Жалал-Абад инфраструктурасын жакшыртууга 155 миллион сом жумшайт

Жалал-Абад шаарынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджети бекитилди. Бюджеттин долбоору шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Шаар бюджетинин киреше бөлүгү 328 миллион 482 миң сомго, атайын каражаттардын эсебинен жалпысынан 403 миллион сомго барабар болду. Ал эми анын чыгаша бөлүгү жалпысынан 410 миллион 528 миң 300 сом деп аныкталды. Мында өткөн жылы пайдаланылбай калган 82 миллион сом эске алынды.

Жалал-Абад шаардык каржы башкармасынын башчысы Азамат Раматиллаевдин айтымында, быйылкы жылдын бюджетинин өзгөчөлүгү шаар инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн каражаттардын көптүгүндө. Эгер бир нече жыл мурда бул багытта бюджеттин 25-30 миллион сом каражаты жумшалып келсе, быйыл бул максатка 155 миллион сом каражат жумшалат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18