17:48, 20 февраля 2018, 24.kg

УКМК кыргызча сүйлөөгө үндөгөн чакырыкты иликтей баштады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет интернеттеги социалдык түйүндөрдө кыргыз тилине байланыштуу тарап жаткан чакырыкты иликтей баштады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановго шилтеп govori.tv маалымдайт.

Бир нече күндөн бери социалдык түйүндөрдө «орусча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп кайтаруу керек», «сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерде соода кылуудан баш тартабыз» деген мазмундагы чакырык жазылган сүрөт тарап жатат.

Бүгүн айрым маалымат каражаттары бул чакырыкты төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр таратып жатканын жана маселени УКМК териштире баштаганын жазып чыгышты.

Ал арада Жеңишбек Жумакадыровду колдоп, УКМКга нараазычылык айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18