16:31, 20 февраля 2018, 24.kg

Назарбаев казак алфавитинин латын арибиндеги жаңы вариантын бекитти

19-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Казак тилинин алфавитин кирилицадан латын арибине өткөрүү тууралуу» жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү документке кол койду.

Документ жарыялангандан тарта күчүнө кирет.

Сунушталган латын графикасынын жаңы версиясында казак тилинин айрым өзгөчө тыбыштары үчүн тамгалардын үстүнө жазылуучу диакритикалык белгилер колдонулат.

Буга чейин президент тарабынан жактырылган вариантта өзгөчө тыбыштар үчүн апострофторду колдонуу сунушталган. Ал вариант бекитилгенден кийин Назарбаев өкмөткө атайын улуттук комиссия түзүүнү жана 2025-жылга чейин этап-этап менен казак тилин латын арибине өткөрүү тапшырмасын берген. Андан тышкары өлкөдө апотрофтор колдонулган арипте китептер басылып чыгарылып, айрым мамлекеттик мекемелердеги расмий жазуулар алмаштырылган.

Апострофторду колдонуу вариантына чейин Казакстанда диграфтар колдонулган алфавит сунушталган. Бирок бул эки вариант тең коомчулуктун жана айрым филологдордун сынына кабылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18