16:35, 19 февраля 2018, 24.kg

Ала-Тоо аянтында 1 миң килограмм бешбармак жасалат

5-мартта Ак-Калпак күнүнө карата Бишкек шаарындагы борбордук аянтта ири көөлөмдөгү бешбармак бышыруу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргыз Тилектештиги» уюму билдирет.

Алардын айтымында, «Мен кыргызмын» акциясынын алкагында 200 киши катышкан улуттук баш кийимдердин парады өтөт. Андан тышкары, «Гиннес» китебине катталуу максатында бешбармак даярдалат.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Ташкентте 8 тонналык палоо даярдалып, «Гиннес» китебине катталган. Анын даярдоо үчүн 50дөй ашпозчу иштеген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18