15:44, 19 февраля 2018, 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Казакстанда эки айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда эки айга камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты фракциянын жетекчиси Алмазбек Баатырбеков ырастады.

Анын айтымында, депутат Казакстанга бараарын кабарлаган.

«27-февралда Күрөш боюнча Азия чемпионаты өтмөк. Депутат спортчуларды ага даярдоого кеткен» — дейт ал.

 

Photo 60069

Эскерте кетсек, Казакстанда Жогорку Кеңештин депутаты кармалганы 18-февралда ырасталды. Коңшу өлкөнүн билдирүүсүндө, Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда 29 адам кармалган. Алар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылат.

Анын үчөө Кыргызстандын жараны: Дамирбек Асылбек уулу, Улан Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18