14:21, 19 февраля 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Зекетти өз кызына берүүгө болбойт

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мен зекетти кызыма берсем болобу? Анткени алардын үй-бүлөсү жардамга муктаж болуп турат.

Жооп: Зекетти өзүнүн жакын туугандарына берүүгө болбойт. Ал үй-бүлөдөн тышкары адамдарга берилиши керек. Сиз албетте кызыңызга зекет эмес, башка жол менен жардам берип, ата-энелик милдетиңизди аткарсаңыз болот.

Зекет — бул мусулмандын беш башкы милдеттеринин бири. Аны жыл ичинде бир жолу милдеттүү түрдө берүү каралган. Анын өлчөмү албетте ар бир жарандын үй-бүлөлүк кирешесине, жеке мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Айрым хадисттерде зекет — кедей-кембагалдык үлүшү катары айтылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18