17:46, 16 февраля 2018, 24.kg

УКМКнын агентигинин жетекчиси кызматтан алынгандыгы айтылууда

Улуттук коопсуздук кызматынын Жемкорлук менен күрөшүү агенттигинин директору Дүйшөнбек Чоткараев жумуштан алынгандыгы айтылууда. Бирок, бул маалыматты УКМК ырастаган жок.

Дүйшөнбек Чоткараевдин бүгүн жумушта болгондугу айтылат.

Эскерте кетсек, 8-февраль күнү президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, өлкө башчысы күч жана укук коргоо органдарын сынга алган. Ал жемкорлукка каршы күрөшүүчү кызматтар өзү белчесинен жемкорлошкондуктан бул «илдет» менен күрөшүүдөн жыйынтык чыкпай жатканын айткан.

«Жемкорлук менен күрөшүү агенттигинин айрым кызматкерлери «кол тийбес» кастага айланды» — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18