15:20, 16 февраля 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Керээз нотариус тарабынан бекитилбесе юридикалык күчү болбойт

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Диний ишенимден улам юридикалык органдарга, айрыкча нотариуска кайрылгым келбейт. Бирок, менин көзүм өткөндөн кийин балдарымдын мүлк талашышын каалабаймын. Кааломду кагазка жазып калтырсам ал кийин юридикалык күчкө ээ болобу?

Жооп: Керээзиңиз нотариустан бекитилбесе анын юридикалык күчү болбойт. Эгер сиз юридикалык органдарга кайрылгыңыз келбесе, анда көзүңүз тирүү кезде мүлктү балдарга каттатып койсоңуз болот.

Анүстүнө мыйзамда дагы жашыруун керээдин жобосу бар. Мында сиздин каалоңуз жазылып, конвертке салынып, мөөр басылат. Аны нотариус дагы окуй албайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18