09:01, 16 февраля 2018, 24.kg

Казакстандын тышкы карызы 168,9 миллиард долларга жетти

Казакстандын Улуттук банкы өлкөнүн тышкы карызынын суммасын атады. Банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, республиканын бересеси акыркы 10 жылда 74,6 миллиард долларга көбөйүп, 168,9 миллиард долларды түздү.

Мунайгаз долбоорлору менен иштеген фирмалардын, өкмөттүн жана экономиканын каржылык эмес секторунун береселери арткан.

2017-жылы июнда Улуттук банктын башчысы Данияр Акишев тышкы карыз 167,9 миллиард АКШ доллары экенин билдирген.

Буга чейин улуттук экономика министри Тимур Сулейменов өкмөт жыйынында 2022-жылга чейин мамлекеттик карызды 26 пайыздан 23,7 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18