17:03, 15 февраля 2018, 24.kg

Өзбекстанда «президенттин белегин» кайтаргысы келбеген аял өзүнө кол салды

Маргилан шаарында жергиликтүү аткаминерлердин аракетине нааразы болгон аял өзүн өлтүрүүгө аракет жасады. 42 жаштагы Дилором Мамированын өмүрүн коңшулары араң аман сактап калды.

Суицид аракети 12-февралда болгон. Жергиликтүү аткаминерлер Мамировадан президент берген турак-жай үчүн ижара акы төлөөнү талап кылышкан. Буга байланыштуу ал асынып өлүүнү чечкен

«Биз коңшулар менен карта ойноп жатканбыз. Бул аял чылым сатат. Мен тамеки сатып алуу үчүн анын эшигин кактым. Бирок эч ким жооп берген жок. Эшикти түрттүм эле, ачылып кетти. Карасам Дилором трубага асынып калыптыр, бирок тыбырчылап жаткан экен. Мен аны бутунан өйдө көтөрүп, коңшуларды чакырдым. Биз арканды кесип, аны сактап калдык. Анан «тез жардам» чакырдык» — деди кошунасы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18