14:13, 15 февраля 2018, 24.kg

Ачкачылык жарыялагандардын экөө тергөө абагына которулду

Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков № 1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу саясый туткундарды коргоо комитети кабарлады.

Жаза аткаруу кызматы маалыматты ырастап, соттолгондор жаза өтөө жайларына которуларын билдирди.

Учурда № 47 абакта ачкачылык жарыялагандардан Бектур Асанов калды. Анын ахыбалы оор экени айтылууда. Бирок, түрмөнүн даарыгерлери ачык маалымат беришпей жатат. Бектур Асановго жактоочусун да киргизбей жатышат.

Эскерте кетсек, мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталган оппозициянын мүчөлөрү 17 күндөн бери ачкачылыкта олтурушат. Алар суу гана ичишүүдө. Жаза аткаруу кызматы аларга ийне сайып азыктандырууга аракет көрүүдө.

Алар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылууда.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18