10:41, 15 февраля 2018, 24.kg

Ноокаттыктар цемент заводунун ишине каршы чыгууда

Ош облусунун Ноокат районунун тургундары Түштүк цемент заводунун ишине каршы чыгышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү эл заводдогу бааларга нараазы. Анткени, цементтин килограммы Өзбекстандын жарандары үчүн 2,7 сомго сатылса, кыргызстандыктарга 5 сомдон берилет.

«Цементтин экспорту бажы салыктарынан бошотулган. Ага эч нерсе төлөбөй алып чыгып кетишет. Заводдо биринчи кезекте Өзбекстандыктарга сатып, аларда калганда гана жергиликтүүлөргө берип жатышат. Завод абаны булган, экологияны чоң зыян келтирүүдө», — деди Зиядин Жамалдинов.

Депутат Монополияга каршы агенттиктен заводдо каршы чара көрүүнү сунуштады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18