13:39, 14 февраля 2018, 24.kg

Муфтият зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандап алды

Муфтият зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандап алды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

Бүгүн авиакомпаниялар арасында сынак өттү. Сынакка бир эле ишкана арыз берген. 2018-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү бир добуштан ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты.

Муфтияттын маалыматында, «Flaynas» авиакомпаниясы ажыларды 10 жылдан бери ташып келет. 2017-жылы дагы милдетин жакшы аткарган.

«Быйылкы жылы «Flaynas» авиакомпаниясы Кыргызстандык ажыларды ташууда авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллар деп белгиледи. Ал 2017-жылдагы наркты өзгөрткөн жок» — дейт муфтият.

Эскерте кетсек, буга чейин ажылык баасы кымбаттары айтылган. Анткени, Сауд Аравия Кыргызстанга берилген квотанын санын көбөйтүү менен келишимдин наркына дагы 5 пайыз кошкон. Ажылык август айына туш келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18