09:38, 13 февраля 2018, 24.kg

Караколдо эки жашар баланын өлүмү иликтенет. Ата—энеси бала бакчаны айыптоодо

Кара-Кол шаарында эки жашар бала ооруканада эс-учун жоготкон бойдон өзүнө келбей көз жумду. Ата-энеси бала бакчаны айыптоодо. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги анын туугандары айтып беришти.

Алардын билдирүүсүндө, наристе чындап тез-тез оорууган жана аны Бишкекке даарыгерлерге дагы алып барып көрсөтүшкөн.

«Баланы бакчадан алганда эле абалы начар болгон. Кулагы көгөрүп, шишип кеткен. Бала дагы кулагы ооруп жатканын айткан. Анан эле комага түшүп, каза болду» — дейт туугандары.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинде, баланын эки өпкөсү тең жабыркаганы аныкталды. Экспертиза дайындалып, иш козголуп, өлүмүнүн себеби текшерилүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18