15:28, 12 февраля 2018, 24.kg

Никсдорф: ачкачылык кармагандардын бири суу ичти

«Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди» деген айып менен соттолгон Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык кармоону улантып жатышат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматыбилдирди. 

Бүгүн Кубанычбек Кадыров суу жана чай иче баштады. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы канааттандырарлык.

«УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин» жана «соттор адилет чечим чыгарсын» деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тартып «кургак ачкачылык» кармай баштаган. Ошондон кийин үчөө тең УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги № 47 колонияга которулган.

10-февралда алар менен жубайларынын жолугушуусуна уруксат берилген. Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева саясатчылардын абалы өтө оорлоп кеткенин «Азаттыкка» маалымдаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Бектур Асанов өзү баса албай калды» деген маалыматты четке каккан.

Бишкек шаардык соту 7-февралда «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деп камакка алынган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18