15:58, 09 февраля 2018, 24.kg

Ташкент-Балыкчы-Ташкент поезд каттамы 22-мартта башталат

Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд быйыл 22-марттан тартып каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады.

Маалыматка караганда, поезд жумасына бир жолу жүрүп, бейшембиде Ташкенттен чыгат да, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды «Өзбек темир жолу» ишканасы жүргүзөт.

2016-жылы жай мезгилинде да Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы тууралуу сүйлөшүү болуп, бирок ал бир эле жолу жүргөн бойдон токтоп калган. 2017-жылы да ушундай сүйлөшүү болуп, ал да аткарылган эмес. Маалыматка караганда, поезд каттамын ачуу боюнча сунушту кыргыз тарап киргизген.

Ушул тапта Өзбекстандан Ошко жана Жалал-Абадга поезд жүргүзүү маселеси да каралып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18