17:11, 08 февраля 2018, 24.kg

Мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы текшерилет

Мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы текшерилет. Бул тууралуу бүгүнкү Коопсуздук Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында айтылды.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Дамир Сагынбаевдин айтымында, биринчи кезекте укук коргоо, көзөмөл, тескөө жана сот органдарынын жетекчилеринин жыл ичинде тапкан чыгаша-кирешелери каралат.

«Мыйзамсыз жол менен табылган кирешени коротууга мүмкүн бербеген механизм иштелип чыкты» — дейт Дамир Сагынбаев.

Андан тышкары, экономикалык, кызматтык жана коррупциялык кылмыштардын тизмеси түзүлүп, анализ жүргүзүлөт. Башка бирөөнүн мүлкүн ыйгарып алууга каршы дагы иш жүрөт.

«Бирөөнүн үйүндө жашап, унаасын айдап жүргөн мамлекеттик кызматкерлер бар. Аларды бети ачылса, эки тараптуу текшерүү жүрөт» — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18