15:57, 08 февраля 2018, 24.kg

Тажикстан «Кулунду» автожолун жапты

Тажикстан бүгүн Баткен облусунун Лейлек районундагы «Кулунду» автожолун жаап, аскерлерди жайгаштырды. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдайт.

Маалыматта, учурда бул чек ара өткөрүү бекети аркылуу жарандар жана унаалар өтө албай жатышат. Бирок, «Кулунду» эл аралык автожол болгондуктан бул чектөө үчүнчү өлкөнүн жарандарына тиешелүү эмес.

«Тажикстан бул бекетти бир тараптуу жапты. Азыр бекеттеги көпүрө аркылуу өткөн мектеп окуучуларына кыйын болуп жатат. Алар ансыз деле бир нече чакырымды жөө басып өтүүгө аргасыз» —дейт чек ара кызматы.

Чек ара кызматы тажик кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилейт.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда Тажикстанга расмий сапар менен барган. Анда эки тараптуу алака менен бирге чек ара маселеси дагы талкууланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18