17:13, 07 февраля 2018, 24.kg

«Бишкек жылуулук электр борборундагы» кырсык боюнча комиссия жыйын өткөрдү

«Бишкек жылуулук электр борборундагы» кырсык боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта караганда, жыйында маселени териштирүү боюнча уюштуруу маселелери гана каралды.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 26-январында ЖЭБдеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча комиссия түзгөн.

Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына Жогорку Кенештин депутаттары Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева, Улан Примов, Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбетаалы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов, Исхак Масалиев, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов кирген.

ЖЭБтеги кырсык боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМК тергөөдө. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18