13:48, 07 февраля 2018, 24.kg

Санкт-Петербургда жоголгон кыргызстандык баланын сөөгү табылды

Санкт-Петербургда жоголгон кыргызстандык 11 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Салман Мадумаровдун сөөгү «Купчино» метросунун станциясынан табылды. Анын өлүмүнө 23 жаштагы жездеси шектелүүдө. Жездеси баланы кайын журту аялы менен тынч жашоого мүмкүнчүлүк бербегендиги үчүн муунтуп өлтүрүп, эл жок жерге алып барып таштагандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, Санкт-Петербург шаарынын Витебск көчөсүндө жашаган Салман Мадумаров 26-январь күнү кечке жуук көчөгө футбол ойноп келүүгө чыккан бойдон кайра келген эмес. Укук коргоо органдарына арыз менен атасы кайрылган. Атасынын билдирүүсүндө, бала орусча сүйлөбөйт. Кечээ эле Салмандын апасы кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18