11:52, 07 февраля 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Исламда аялдын экономикалык укугу бекитилген

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Махр менен калыңдын айырмасы барбы? Жакында тааныш кыз турмушка чыгып, "ага махр белгиленген жок" деген сөздөрдү угуп калдым. Бирок, билишимче калың беришкен.

Жооп: Калың ата-энеге, махр кыздын өзүнө берилет. Калың кымбат зер буйумдар түрүндө, же болбосо, кыргызда мал менен, акчалай да эсептелип, тартууланып жүрөт. Ал той алдында берилет. Ал эми махр дагы никеге чейин белгиленгени менен кийин деле бериле берет. Ал кыздын мүлккө акысы деп түшүндүрүлөт. Чогуу жашоо мезгилинде жеке аялга тиешелүү мүлктүн, махрдын өлчөмү көбөйүшү мүмкүн. Аны аял өз керегине жумшайт. Аял махрды күйөөсүнө тартуулап, баш тартса да болот. 

Эгер ажырашып кетишсе, аял ошол махрга (акча, же мүлккө) ээлигин сактап калат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18