08:52, 07 февраля 2018, 24.kg

Казакстанда диний жана атесттик ишенимди кемсинткендер айыппулга жыгылат

Казакстандын Дин иштери боюнча министрлиги динчил жана динге ишенбеген адамдардын сезимин кемсинтүү үчүн административдик жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы маалымдайт.

Өлкөнүн азыркы мыйзамында «диний сезимдерди кемсинтүү үчүн» административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок атеисттер тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, «динге карата көз карашы боюнча динчил же динге ишенбеген адамдын сезимин кемсинтүү» үчүн 50 айлык эсептик көрсөткүч же 120 миң теңге (370 доллар) өлчөмүндө айыппул киргизилет. Юридикалык жактар үчүн айыппул өлчөмү 481 миң теңгени (1483 доллар) түзөт.

Мыйзам долбоору талкууланган жумушчу топтун 6-январдагы жыйынында министрликтин бул сунушун мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана депутаттар колдошту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18